Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин 8-классынын окуучусу Жакшылык Кубанычбек уулу мектеп арасындагы футбол боюнча мелдештерде «Мыкты чабуулчу» атанып, Учкундун «Роналдосу» деген каймана атка ээ болгон. Жакшылык келечекте спорт боюнча окуу жайга тапшырып, Криштиану Роналдудай бийиктикти багындырсам дейт.
Жакшылык кичинесинен бери эле чоң балдар менен топ талашып, футбол ойноп келет. 7-класс кезинде Жакшылыктын жылдызы жанып, Мектептин «Мыкты чабуулчусу» атанат. Ал футбол ойногонду байкелеринен үйрөнгөнүн айтат. Себеби анын эки байкеси тең Республикалык спорт мектебинде окушат.

Ал эми Жакшылык болсо келечекте Испания чемпионатында «Реал Мадриддин» карамагында чабуулчу болуп ойногусу келээрин айтат.
«Мен Роналдону кумир тутам. Келечекте ал жеткен бийиктикке жетким келет. Мен футбол дегенде баш отум менен кирип кетем. Себеби мен өзүмдү келечекте футболист катары көрөм. Келечекте Испания чемпионатында ойногум келет», — деди жаш футболчу.

Ошондой эле Жакшылыктын футболист болуусуна анын ата-энеси да каршы эмес. Тескерисинче алар Жакшылыкты колдошот. Атасы Кубанычбек Момуналиев баласынан мыкты оюнчу чыгаарына ишенээрин жана келечекте футболчу кесибин тандоого каршы эместигин айтат.
«Балам кичинесинен спорт тармагына кызыгат. Күрөшкө да катышып жүрдү төрт жылдан ашык убакыт. Эки байкесиндей спортсмен болуусуна каршылыгым деле жок. Келечекте ким болууну өзү чечет. Кааласа футболист болсун», — дейт Жакшылыктын атасы.

Быйыл Жакшылыктын командасы «Мектеп Кубогун» жеңип алышты. «Мектеп Кубогунун» финалында 11-класстарды 2:1 эсебинде жеңип, эң көп гол киргизген Жакшылык «Роналду» деген атка ээ болду.
Даярдаган: Нурдан Адилет кызы
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн