Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов мектебинде карылар айлыгы жүрүп жатат. Бул айда окуучулар класс класска бөлүнүп, улгайган адамдарга өз колдорунан келишинче жардам беришүүдө.
Карылар айлыгына 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышат.

Бектурова Нуркыз 5-класссынын окуучусу. Ал өз сөзүндө бул айлыкка биринчи катышып жатышкандыгын айтты.
“Биз быйыл 5-класс болгондуктан, биринчи жолу карыларга жардам берип жатабыз. Күз мезгили болгондуктан, учурда жумуштар да көп. Ошол себептен классыбыз менен бирдикте колубуздан келишинче алмаларын теришип, үй оокаттарын жана башка жумуштарды жасашып жатабыз”, — деп айтты Бектурова өз сөзүндө.

Ушул эле класстын окуучусу Алиеева Акбермет “бул айлыктын белгилениши негизи карыларга кайдыгер карабай, аларга да көңүл бөлүп, жардамдашуу. Биз бул айлыкта классыбыз жана жетекчибиз менен бирдикте бизге бөлүнгөн улгайган адамдын жумуштарын бүтүрүшкөнгө аракет кылдык” деди.

Даярдаган: Мундуков Чынгыз
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн