Кыргыз тил айлыгы облус боюнча жүрүп жатат. Бул айлыкта кыргыз тили жөнүндө ар кандай дилбаяндар жазылып, кечелер өтүлүүдө. Мындай иш-чара Түп районунун Токтоян айылында да болуп өттү.
Токтояндагы Ашырбай Коёнкөзов орто мектебинин 10 жана 7-классынын уюштуруусунда кече болуп өттү. Бул кечеде кыргыз тилине байланышкан маалыматтар айтылып, ырлар окулду.

Кыргыз тил жана адабият мугалими Канат Асанакунов облус боюнча кыргыз тилинин айлыгы үч айга созулаарын айтты.
“Бул кечеде окуучулар көптөгөн маалыматтарды алып, кыргыз тилин кантип сакташ керектиги боюнча кененирээк түшүнүштү деген ойдомун”, — деди Асанакунов.

Кечеге күбө болгон Элеонора Таалайбек кызы оюн төмөндөгүчө айтып берди.

“Бул кечеде кыргыз тили кандай баалуу тил экендиги жана кыргыз тили жоголуп бара жаткандыгы тууралуу көптөгөн нерселер айтылды. Мага кечеде окуучулардын көркөм айтуусу, дилбаяндардын окулушу жакты”, — деди Таалайбек кызы.
Даярдаган: Усупбекова Нуржан
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн