Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкаар Эргешовдун элесине арналган Ноокат районунундагы жаштар арасында волейбол боюнча мелдеш Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде болуп өттү. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Мелдешке 12 айыл өкмөттүн оюнчулары келишти. Алардын арасынан мыкты ойногон командалар алдыңкы орундарды ээлешти. Команданын мүчөлөрү мектеп окуучулары эле эмес, орто жаштагы оюнчулары да болду.
1-орун Кара Таш (Калинин);
2-орун Кеңеш (Куу-Майдан, Кызыл-Аскер);
3-орун Зулпуев (Россия колхозу);
4-орун ӨКМ (МЧС) командалары болушту.

Бул мелдешти жыл сайын уюштуруп берип тураарын аталган мамлекеттик ишмердин уулу Алмазбек Эргешов өз сөзүндө белгилеп өттү.
Даярдаган: Тынымбу Абдиламит кызы
Редактор: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн