Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында мектеп оокуучулары жана айыл тургундары үчүн табигый кырсык болгон учурда кантип биринчи жардам көрсөтүү керек экени боюнча атайын окуу болуп өттү.
Кырсыктарга эл жана окуучулар даярбы-жокпу билиш үчүн «Кызыл ай» жана «Кызыл чырым» коомдору биргелешип жасалма эвакуация жасап көрүштү.
Тарбия иштери боюнча мектеп директордун орун басары Гүлназ Камбарали кызынын айтуусунда, акыркы жолу мындай иш-чаралар 2000-2001-жылдары өткөрүлгөн.


«Акыркы убактарда жер титирөө, сел жүрүү кырсыктары көп болуп жатат. Бул иш-чаранын максаты — кийин ушундай кырсыктар болсо, окуучуларды кырсыктарга даярдоо», — деп билдирди Камбарали кызы.

Кызыл ай коомунун ыктыярчысы Каныбек Эрмамат уулу эгерде жер титирөө, сел жүрүү кырдаалдары пайда болуп, кээ бир адамдар кандайдыр бир жаракат алса, аларга кандай жардам көрсөтүүнү элдерге үйрөтүп жатканын айтат.


«Мектеп окуучулары бул эвакуацияга катышышты. Алар орто деңгээлде биринчи жардамын көрсөтүштү. Алар эвакуацияга даяр эле экен», — деп айтты Эрмамат уулу.
Автору: Кушбак Таирбек уулу
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн