Өткөн жылдарга караганда бул жылы кыш эрте келгендиктен Кызыл-Кыя шаар тургундарынын жана Үч-Коргон айылынын жашоочуларынын даярдыктары тууралуу кыскача сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.
Быйыл кыш күтүлгөн убактысынан эрте келип, адамдарды шаштырып койгондугу байкалат. Бул туурасында сурамжылообузга катышкан Кызы-Кыя шаарынын тургуну Жеңишбек Мурзаматов да ырастады.
— Шаар тургундары, мен өзүм да, кошуналар да ноябрь айы жылуу болот деп божомолдоп жүргөнбүз. Кыш азырынча келбейт деп көмүр да камдаган эмес элек. Бирок табият өзү билет экен, мына кар жаап, бизди шаштырып койду. Базарда көмүрдүн да баасы жогорулады. Бир мүшөк көмүрдүн баасы 250дөн 300 сомго чейин жеткен.
Быйыл жылуулук берүү боюнча Кызыл-Кыя шаары кам көргөндүгүн тургундар айтышат. Шаар тургундарынын бири:
— Биз көп кабаттуу үйдө жашайбыз, газ жана ысык суу бар, жакшы. Өткөн жылдарга караганда бул жыл суук болууда. Жер тамдарда жашагандардын көпчүлүгү кышга кам көрбөгөн болчу, эми аларга чындыгында кыйын болот.
Кызыл-Кыя шаарына жакын жайгашкан Үч-Коргон айылында болсо кыштын эрте келишине жашоочулардын алдын ала кам көрүп койгонун байкадык.
Ошондой эле Үч-Коргон башка айылдарга салыштырмалуу кышка даярдык көрүү боюнча бир топ эле тажрыйбалуу болуп калган. Айыл тургундары бак-дарактар менен алектенгендиктен өткөн 2014-2015-жылдардагы кыштын ызгардуу болуп, мөмө жемиштерге бир топ зыян келтиргени аларды сергек болууга түрткөн.
Бул туурасында айыл тургуну Жазгүл Каратаева «быйыл кыш жылдагыдай суук келди, өткөн жылы да ушунтип күтүлбөгөндөй суук болуп, дарактарды үшүк алган эле. Кышка даярыктар жакшы, айрымдар көмүрдү камдап коюшкан» деп айтты.
Даярдаган: Бакиров Шерикбек
Сынак үчүн
ИХ