Бүткүл дүйнөлүк студенттер жана жаштар күнүнө карата 10-17-ноябрда майрамдык кечелер уюштурулду. Алардан бири Кызыл-Кыя шаарындагы №7-кесиптик лицейинде болуп өттү.
Кызыл-Кыя шаарындагы №7-кесиптик лицейинини директорунун орун басары Ырысбек Артыкбаев окуу жайда ар бир майрам белгиленерин айтат.

“Мен көп жылдардан бери иштеп келүүдөмүн, ар бир майрамды мүмкүн болушунча жакшы өткөргөнгө аракет кылабыз. 10-17-ноябрга чейин жаштар күнү деп белгиленген, биз да балдардын аз да болсо маанайын көтөрүү максатында чакан концеттик кече уюштурганбыз”, — деп билдирди.

Майрамда студенттер тарабынан тамашоу жана таймаштар көрсөтүлүп, калыстар тобу тарабынан бааланды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.

Күмүшай Акматова кесиптик окуу жайдын тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенип келет. Акматованын билдиришинче, окуу жайдын студенттери ушул күнгө чейин башка окуу жайлар менен тең ата ар бир иш чарада өздөрүнүн активдүүлүктөрүн көрсөтүп келишүүдө.

“Биздин окуу жайда негизинен кесипке багытталган жана бул жерде аябай таланттуу, керек болсо, жогорку окуу жайлардагы студенттер менен теңдеше ала турган окуучуларбыз бар. Биз бүгүн жаштар күнү болгонунан пайдаланып, жаштарга аз да болсо көтөрүңкү маанай тартуулайлы деп ушул кечени уюштурдук. Бардык жаштарды бүгүнкү майрамдары менен чын дилимен куттуктап кетем”, — деди Акматова.
Мындай майрамдык кечелер шаардын бардык окуу жайларында өткөрүлдү.
Даярдаган: Бакиров Шерикбек
Сынак үчүн
ИХ