18-ноябрда PI Radioго саат 10:00дө Лотум-Штрассе 10, 10119 Берлин дареги боюнча келдик. Бизди Йорг Депта тосуп алды.
Иш сапардын башка күндөрү кандай өткөнү боюнча баяндама менен бул жерден таанышсаңыз болот.
PI Radio – “Пираттардын радиосу” дегендин кыскартылганы.

Маектин темасы “Жамааттык эркин маалымат каражаттарын финансылоонун моделдери” болду.
Бул жамааттык эркин радио. Берүүлөрү түштүк Берлинди жана Потсдам-Бабельсберг регионун камтыйт.
Программасынын үстүндө 150 редакция, 20 өлкөдөн 300 киши иштейт. Алардын арасында студенттер, окуучулар, фрилансерлер, жумушсуздар, пенсионерлер, клубдар, союздар, ким радиого кызыкса, баары келип иштей алаарын айтышты.
Бул жерде бизди абдан жакшы тосуп алышты. Кофе ичип, кызыктуу маек куруп, бир топко чейин отурдук.
Иорг Депта орусча билгендиктен 30 жылдан бери биз жакка барсам деп кыялданаарын айтты. “Келип кет, тосуп алабыз” дедик. Жакында “чоң ата” болуптур. Биздин келгенибизге абдан сүйүндү, радиолору тууралуу абдан кызык маек куруп берди.
11:30да Фридрих Эберт фондуна бардык.
Темасы “Маалымат алуу иш сапарына баа берүү, Фридрих Эберт Фонду” болду. Борбордук Азия жана Түштүк Европа боюнча Эберт Фондунун референти Дитмар Дирмозер менен жолугуштук.
Дитмар Дирмозер менен бир сааттай маек куруп олтурдук.
Ал киши өз иши жөнүндө, Эберт Фонду тууралуу айтып берди. Бизге “Германия жактыбы? Кандай тажрыйбаны алып кетип жатасыңар? Жамааттык медиалар силерде кандай иштешет?” деген суроолорду берип, ошонун үстүндө талкуу кылдык.

Биз суроолорго жооп берип, бул кишиден мындан ары дагы кызматташууну уланта берели, Фондго биздин жамааттык медиаларга жардам берип жатканына чоң ыраазычылык билдирдик.
Андан сырткары биздин Германияга болгон иш сапарды каржылаганына рахмат айтып, маекти жыйынтыктадык.
Дитмар Дирмозер биздин жамааттык медиа каражаттарынын ишине ийгилик каалап, Кыргызстанга мындан ары да демократиялык принциптерди өсүп-өнүктүрүүдөгү ийгиликтерди каалады. Биздин мамлекетте сөз эркиндиги Борбордук Азияда жогорку деңгээлде экендигин баса белгилеп кетти.
18-ноябрь биздин иш сапарыбыздын акыркы күнү болду. Эртеси күнү үйдү көздөй жол тарттык.
Иш сапардын башка күндөрү кандай өткөнү боюнча баяндама менен бул жерден таанышсаңыз болот.
Даярдаган: Султаналы Чакчагаев