17-ноябрда Гамбургдагы “FURST BISMARK” отелинен эртең мененки тамакты ичип, 09:38де вокзалдан поездге түшүп, Берлинге сапар тарттык.
Иш сапардын башка күндөрү кандай өткөнү боюнча баяндама менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Саат 11:21де Берлинге келип калдык. Тамактанып алып, ОсОО WeTek Берлин деген медиаборборго жөнөп калдык.
Бул жолугушуунун темасы “Медиалык компетенттүүлүк жана жаштар менен иштөө” болду.
Бизди Жаспер Сварт тосуп алды. Ал бул медиаборбордун иши тууралуу айтып, баардыгын бизге көрсөттү.
Бул жерде негизинен начар жашагандардын балдары келип, компьютерде иштегенди, программалоону үйрөнүшөт.
Андан кийин дагы бир жаштар менен иштеп, алардын эс алуусун уюштурган, биздин «Балдардын чыгармачылык үйү» сыяктуу жерге келдик.
Ал жер OcOO Pfefferwerk Stadtkultur деп аталат.

Бул жерде музыкалык аспаптар, жата турган жай, ашкана, спорт инвентарлар жана компьютер бар бөлмөлөрдө болдук.

Бул жерде негизинен тартиби проблемалуу балдар, кыздар, балдардын церебралдык шалы менен ооругандар жана качкындар келип күнүн өткөрүшөт.
Бүгүнкү күнү мейманканага кеч келдик, анткени акыркы бара турган жерди издеп жүрүп, араң таптык.
Ошентип, биздин дагы бир күнүбүз аягына келип жетти.
Иш сапардын башка күндөрү кандай өткөнү боюнча баяндама менен бул жерден таанышсаңыз болот.
Даярдаган: С. Чакчагаев