Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде «Атом усулдук аймагы» «Акыл Ордо» таймашын биринчи жолу техниканын жардамы менен уюштурду. Мурунку таймаштарда бардык суроолорду алып баруучу берсе, бул таймашта техника алып баруучунун милдетин аткарды.

Таймаш 30-ноябрда болуп, ага мектептин 8-классынан жалпы алты окуучу катышты. Алты окуучунун арасынан 8-класстын окуучусу Эрнист Эркинбек уулу атаандаштарына караганда көбүрөөк упай чогултуп, таймаштын жеңүүчүсү болду.

Суроолор «Атом усулдук аймагына» кирген математика, алгебра, физика, информатика предметтеринен түзүлгөн. Себеби учурда усулдук аймактын бир айлыгы жүрүүдө.
«Акыл Ордо» таймашынын уюштуруучуларынын бири, информатика мугалими Гүлзада Сатарова суроолордун баардыгын компьютер аркылуу түзүп чыккан. Анын айтымында, бул таймашты кийин өрөөндүк деңгээлде да өткөрөүлмөкчү.

«Акыл Ордо жакшы болду. Келген мугалимдер абдан макташты. Эми бул таймаш жаңы ыкма менен уюштурулду. Баардык суроолорду компьютер аркылуу гана бердик. Муну минтип таштап койбой өрөөндүк деңгээлде өткөрүүнү ойлонуштуруп жатабыз», — деди ал.

Таймаштын жеңүүчүсү 8-класстын окуучусу Эрнист Эркинбек уулу бул жаңы ыкма менен өткөн мелдеш ага жакканын айтат.
«Суроолор компьютерден берилгенде абдан таң калдым. Себеби мурунку таймаштарда суроону алып баруучу берчү. Мага таймаш жакты. 8-класстын арасынан биринчи орунду алуу деле чоң ийгилик деп ойлойм», — деди ал.
«Атом усулдук аймагынын» бир айлыгы 1-декабрда бүтөт. Бул таймаш менен усулдук аймактын бир айлыгы жыйынтыкталмакчы.
Кийинки «Акыл ордо» таймашын Гүлзада Сатарова декабрь айында 9-11-класстар арасында өткөрөөрүн кошумчалап кетти.
Даярдаган: Рустам Көчөрбаев
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн