Малдардын чакалай оорусу териде ар кандай формада, бозомтук түстөгү, чекелерин карттантып, какачтардан турган жугуштуу ылаң болуп эсептелет. Бул ооруну алдын алуу үчүн малдын сапаттуу тоют менен камсыз кылып, ветеринардык-санитардык эрежелерди туура сактоо жана сарайларды гигиеналык талаптарга ылайыктуу кармоо керек.
Ошондой эле ал оору бат таралуучу илдет болуп саналат. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун кызматкери А.Кубатоваменен маек курдук.
— Негизи оору козгоо боюнча мите курттар сырткы чөйрөдө бир кыйла туруктуулугу менен көрсөтөт. Көбүнчө жүндөрдө, чачтарда 6-10 жылга чейин, ал эми тезекте 7-8 айга чейин сакталат. Бакма айбандар, чычкандар келемиштер жана башка жырткыч жаныбарлар ооруйт. Ылаң баардык мезгилдерде каттала берет. Багууда тоют менен камсыз кылуудагы кемчиликтердин негизинде пайда болгон организмдеги бышктуулугун кескин төмөңдөшүнө түрткү берет. Чакалай музоолордо 1 айында, коёндордо 1-2 айында, төөлөрдө 1 айында, койлордо 1-2 жашында ылаңга чалдыгат. Бул ооруну ылаңдаган мал жана бул оорудан айыккан жаныбардан жугат.
Бодо менен койлордун көбүнчө баш терисинде, мойнунда, каптал жону, сандары, куйругу жабыркайт. Ал эми музоолор менен козуларда биринчи эле көздөрүнүн тегеретесинде, оозунун тегерегинде, кулактарынын түбүндө болот.
Чакалай болгон малды туура эмес багып, тоют бербегендиктен ылаң ырбап, өтүшүп кетишине шарт түзөт. Бул ооруга клиникалык шартта гана диагноз коюга мүмкүн.
Мал катуу жараланган учурда чакалайдын очокторуна жумшартуучу препараттарды сүйкөйт жана вакцинаны 3 ирээт кайталап колдонот. Вакцина жок болуп калган учурда ар кандай даарыларды пайдаланат.
Аларга 5 пайыздуу салицил майы, 10 пайыздуу селицил спирти, йоддун спирттеги 10% эритмеси, сульфон, күкүрт ангидриди, карбол жана бензой кислоталарынын 3-10% эритмелери йодофорн, фукузан, бир хлордуу йод, көмүр кычкыл калайдын жана аммиактын 10% эритмелери, “Ям майы”, нифимицин майы жана башка препараттар кирет.
Бул препараттардын көпчүлүгү жараат болгон жерди күйгүзүп, терини сезгентирип жибериши мүмкүн. Ошондуктан аларды теридеги чакалайдын баардык очокторуна бир мезгилде сүйкөбөстөн кезек менен бир нече күндүн ичинде даарылап чыгуу керектелет.
Даярдаган: Талантбекова Анара
Тренер: Касымалиева А
Сынак үчүн