Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде 1-декабрь Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата линейка коюлду. Анда СПИД тууралуу маалымат берилди.
10-б классы тарабынан коюлган линейкага мектептин окуучулары жана мугалимдери катышты.

“БУУнун сунушу менен 1988-жылы 1-декабрь Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү катары кабыл алынып, азыркыга чейин белгиленип келет. СПИДдин башталгы түрү болүп ВИЧ саналат. Бул оору менен ооруган адам дени таза адамдардан айырмаланбайт. Азыркы күнгө чейин бул ооруга даары табыла элек, ал эми бул оору менен ооруган адамдардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө”, — деп билдиришти линейканын катышуучулары
Учурда Ак-Талаа районунун аймагында 11 киши СПИД оорусу менен каттодо туруп, даарыланып келишет.
Даярдаган: Талантбекова Анара
Тренер: Касымалиева А
Сынак үчүн