Учурда Бакай-Ата районунда чычкан көйгөйү орчундуу маселени жаратып жатат. Бирок бул көйгөй бир эле Бакай-Ата району менен чектелбегенин, Талас облусу боюнча маселе болуп жатканын айтышат.
Бакай-Ата районундагы ветеринардык дарыкананын кызматкери Коркбек Кенжебаев айылда чычкандар көйгөйгө айланып калганын айтат.

«Суук түшкөндө чычкандар буудай, жүгөрү жеш үчүн үйлөргө барат. Азыр алардын көбөйө турган убагы», — деди.
Анын дарыканасында чычканга каршы бир нече дарылар бар. Алар: клей, порошок, сыр жана башка түрлөрдө. Күндө анын дарыканасына 40тай кардар келет.
Бакай-Ата айылынын тургуну Батийна Сыдыкова дарыканага келип клей түрүндөгү дары алган. Ал үйүнө эле эмес, жумушуна да дары алып баратканын айтты.

«Муну жумушума алдым, ал жакта да көп болууда», — деди ал.
«Азыркы убакта чычкандар көп, мурун көп деле жок болчу, азыр үйлөрдө жана короо жайларда өтө көбөйүп кетти», — дейт дагы бир айыл жашоочусу Адил Мырзатов.
Даярдаган: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
Үсөн С.