Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин жума сайын окуучулардын жана класстын катышуусуна, тартибине, тазалыгана, окуганына карата жыйынтык чыгып, бул жумада 9-«А» классынын окуучулары мыкты класс наамына ээ болушту.
Аталган сынак жума сайын окуучулардын катышуусуна, тартибине, класстын тазалыгына карап жыйынтык чыгарып турат.

«Мыкты класс» наамын алган 9-классынын окуучуларына бул күтүүсүз болду. Бул туурасында Айдана Төлөгөн кызы мындайча баяндады.

— Биз ушул жумада катышуу боюнча бир эле окууучу калып, же кечигип жатты. А бирөө болсо канынын гемоглобини түшүп кетип ооруп жатат. Бирок ал себептүү. Тазалагыбызды бардык эле мугалимдер айтат «тазалыгыңар жакшы» деп. Билим жагын караганда бир аз аксайт болушубуз керек. Биз бул наамды катышуубуз жакшы болгон үчүн алдык деп ойлойм.

«Мыкты класс» наамы эмки жумада класстардын тартибине жана билимине өзгөчө көңүл буруу менен аныкталаарын айтышты мектеп парламентинен.
Даярдаган: Нурзада Алманбет кызы
Редактору: Бегимакй Бекмурат кызы
Сынак үчүн