Чоң-Арык айылынын Коргол мектебинде “Күз периси» сынагы болуп өттү. Сынакка 8-11-класстын окуучулары катышып, Нурсезим Нурдин кызы жеңүүчү болду.
Сынакка жалпы беш окуучу катышты. Анда ар бир катышуучу өзүнүн талантын жети багыт боюнча эл алдына тартуулады.
1. Саламдашуу;
2. Көркөм окуу;
3. Жандуу үн менен ырдоо;
4. Эстрада жылдыздарын туурап, артисттик чеберчилигин көрсөтүү;
5. Чыгыш бийин бийлөө;
6. Калыстар тарабынан суроолорго жооп берүү;
7. Дасторкон ажары.

Аталган сынактын уюштуруучусу, мектептин директорунун орун басары Кыял Иманкулова сынак жылда өткөрүлүп келген иш-чаралардын бири экенин билдирди. Андан сырткары сынак «Тарых жана маданият жылына» карата атайын программа менен уюшулгандыктан, сынактын ар бир багытында бул жылды чагылдыруу талап кылынган.

«Бул сынак менен окуучулар өздөрүн сахнада өздөрүн эркин алып жүрүүнү, так сүйлөгөндү жана сахна эрежелерин үйрөнүшөт. Программалардын ар биринде тарых жана маданият жылын чагылдыруу болду», — дейт Иманкулова.
Жеңүүчү Нурсезим Нурдин кызы кубанычын биз менен төмөндөгүчө бөлүштү.

— Бул сынакка өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн катыштым. Башында эле утаарыма ишенгем. Ата-энем, классташтарым, класс жетекчим колдоп, жеңишке жетип отурам. Сынактан жеңип чыгуу мен үчүн бир аз кыйынчылыкка турду. Бул сынакка катышуу менен биргеликте өзүмө пайдалуу көп нерселерди үлгү катарында алдым. Эми кудай буйруса, зоналык таймашта алдыңкы орундарга илинем деген ишеничтемин.
2-орунду багындырган мектептин 10-классынын окуучусу Асыл Жеңишаалы кызы сынакка классынын намысын коргоо үчүн катышканын айтып өттү.

— Менин бул сынакка чыкканымды ата-энем мени колдошту. Негизи көп деле даярдыгым жок эле. Ошого карабай сынакка катыштым. Өзүмдүн оюмда деле 2- же 3-орун болсом болот деген элем, оюмдагыдай эле болду. Конкурс өтө жакшы деңгээлде өттү.
Бул сынактан жеңип чыккан окуучу Нурсезим Нурдин кызы зоналык сулуулар сынагына өз күчүн сынамакчы.
Авторлору: Аида Абдыкерим кызы, Жайнагүл Бактыбек кызы
Редактору: Бурулсун Уланбек кызы
Сынак үчүн