Бакай-Ата айылында жаңы май куюучу жай курулуп жатат. Бул жер курулуп бүтсө айыл тургундары район борборунан күйүүчү май алууга мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Буга чейин район борборундагы май куюучу жай иштебей калып, башка айылга көчүрүлгөн болчу. Бул жеке менчик май куюучу жайды Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айлынын тургуну Бакыт Нурматов салдырууда.
Бакай-Ата айылынын тургуну Өскөн Осмонбековдун айтымында, май куюучу жайды куруп жаткан киши аны аукцион аркылуу жеңип алган. Бул жер курулуп бүтсө айыл тургундарына алыс барбай, жакын жерден күйүүчү май сатып алганга шарт түзүлөөрүн айтат ал.
«Жеке ишкерлер эл үчүн кызмат кылып атышат. Бул жер ачылып калса, айыл тургундарына чоң жардам болот. Алыска барып май куйбай, чөнтөккө зыян болбой калат», — деди Осмонбеков.
Даярдаган: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
Үсөн С.