Бакай-Ата айылындагы оорукана менен лабораториянын имараты жаңыланып, кайрадан ишке берилди. Лаборатория үч жыл мурун иштен чыгып калган болчу.
Оңдо иштери жаңы жасалып, лаборатория кызмат көрсөтө баштады. Бакай-Ата районунун борборундагы лабораториянын кызматкери Гүлфара Ибраимованын айтымында, ал жерде эки смена менен сегиз мээрман иштейт.

Ибраимованын кошумчалашынча, лабораторияда биохимиялык, клиникалык жана башка анализдер чыгарылат.

Лабораторинын кызматкери Аида Абдылдаева оңдоодон өткөндөн кийин бул жер тыкан жана жылуу болуп калганын айтат.

«Иштегенге ыңгайлуу болуп калды. Баарына ыраазычылык билдиребиз. Көчүп келгенибизге бир ай болуп калды», — деди ал.
Даярдаган: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
Үсөн С.