Ноокат районуна караштуу Шанкол айылындагы Шанкол орто мектебинде «Тарыхый музей» залы ачылды. Анда ата-бабалардын колдонуп келген буюмдары жана тарыхый маалыматтарды көрүүгө болот.
Шанкол орто мектебинин директору Мустафа Нурканов музей «Тарых жана маданият жылына» карата ачылганын айтты.

«Ошондуктан биз ушул залды курууну чечтик жана келечектеги муун өзүбүздүн тарыхыбызды дагы да тереңирээк билүүсүн кааладык», -деп билдирди Нурканов.

Ал эми Шанкол орто мектебинин кыргыз тили мугалими Бүайша Алимбиева да директордун сөзүн бекемдеп «Окуучулар ата-бабаларыбыздын жашоосу кандай болгонун тереңирээк билүүсү үчүн жасадык» деди.

Даярдаган: Садирали кызы Эльвира
Редактор: Курсантбек уулу Хусейин
Сынак үчүн