Нарынын районуна караштуу Учкун айылынын көчөсү начар тургундары 2000 сомдон чогултушуп, шагылдарды төктүрүшүп, жолдорун өз алдынча оңоп жатышат.
Оңдолгонго чейин көчөлөрдүн чукур болгондугунан машинелер араң өтүшчү. Азыр ал тургундар кубанышып, жолдон оңой эле өтө баштаганын айтышат. Кээ бир тургундар «такси чакыртсак, биздин көчөгө алар келбей коюшчу» дешет.

Бул иш мындан бир ай мурун башталган. Шагылдар жети километр жерге төгүлдү. Айылда абалы начар жолдор көп болгондуктан шагылдар дагы төгүлөт, бирок кыш келип, күн сууктугуна байланыштуу эмки жылга чейин жумуштар токтотулду.
Кызматына бир жылдык тыныгуудан кийин кайра келген Учкун айылынын башчысы Касымакун Мамырбаев жолдогу шагыл жайган адамдарга акы төлөнүп жатканын айтты.
«Буюрса эмдиги жылы дагы шагыл төгөбүз деген ойдомун. Шагылдарды жайган адамдарга Азык-түлүк программасынан 45 килограм ун жана 4 литр май берилет», — деп билдирди Мамырбаев.
Айыл тургуну Төрөгелди Баялиев жол оңдолуп, кубанып жатканын айтат.

«Биздин айылдагы мен жактагы көчөгө аягына чейин шагыл төгүлдү. Негизи айыл тургундардын арызы менен кайрылышып, айыл башчы колдоп төгүлүп жатат. Ушунун ишке ашышы абдан жакшы нерсе болду да. Өзүбүз акча чыгарып, жетпеген жерлерге чейин шагылдарды жеткирип алдык», — деди ал.
Кабарчылар барганында кээ бир үйүлгөн шагылдар жайыла элек экенине күбө болушкан. Үстүлөрү катып калгандыктан күн жылыгандан кийин жаярын айтышты анда иштегендер.

Оңдолгон көчөлөрдүн азыркы абалы тургундарды кубантууда.

Шагылдар айылдын четинен ташылып келип жатат. Бир камаз түшүргөн шагылга 1000 сомдон төлөнүүдө.
Даярдаган: Качик кызы Акылай
Редактору Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн