Учурда бардык эле мектептерде 11-класстардын биринчи маселеси болуп «кайсы кесиптин ээси болом» деген суроо бар. Айрымдары кичине кезинен бир кесипке багыт алышса, кээ бири азыркыга чейин ойлонуп жүргөн кези. Бул боюнча билип көрүү үчүн Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө микрофон узаттык.
Азыркы күндө 11-класстын окуучулары ЖРТга ар кандай китептерди алып окуса, кээ бири болсо мугалимдерден кошумча сабак алып жаткан учуру. Биз аларга “Келечекте кайсы кесиптин ээси болгуң келет?” деген суроо менен кайрылдык.
Аймырза Бейшеналиева:
— Мен келечекте доктур болгум келет. Бул кесипти тандаганымдын себеби адамдардын оорусу менен күрөшүп, аларга жардам берүү — бул менин максатым. Бул кыялды ишке ашырыш үчүн көп аракеттерди жумшап жатам, өзгөчө химия жана биология сабактарын окуп, кошумча курстарда билим алып, билимимди кеңейтип жатам. Келечекте кесибимдин мыкты адиси болом деген ишенич бар.
Анара Жыргалбекова:
— Негизи дизайнер болууну каалайм. Бирок биринчи кесип катары экономист кесибин тандап алдым. Менин оюмча эки кесипти алып кетүүгө болот, эгер экөөнө тең кызыгууң бар болсо. Мен экономист болуп иштеп, дизайнерлик менен бош убагымда алектенсем болот.
Айдана Маметова:
— Менин азыркы күнгө чейин ойлонуп, тандаган кесибим котормочу. Мен башка элдердин тилине аябай кызыгам. Азыр корей тилин окуп үйрөнүп жаткан учурум. Келечекте Түштүк Корея барсам деген кыялдарым бар.
Даярдаган: Тажиева Аима
Тренер: Касымалиева А
Сынак үчүн