Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы мектептер аралык волейбол мелдеши болду. Анда он мектептин кыздар курамасы таймашып, 1-орунду Бекиев мектеби алды.
Бул таймашта 1-орунга Бекиев мектебинин кыздар курамасы ээ болуп, Ноокат районунда өтө турган мелдешке жолдомо алды. Эми бул топ райондук турда Кулатов айыл аймагынын намысын коргомокчу.
2-орунга Айбашев мектеби ээ болсо, 3-орунду Кулуштан мектеби алды.






Волейбол мелдеши жыл сайын жаштарды биримдикке, достукка чакыруу максаттында өткөрүлүп келет.
Даярдаган: Гулинур Нурманова
Редактору: Кызжибек Кушбакова
Сынак үчүн