Ак-Талаа райондук маданият үйүндө “3-декабрь Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо, коргоо күнүнө” карата “Биз силер менен биргебиз” аттуу кароо сынак болуп өттү.
Бул сынактын максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасынан таланттуларын элге алып чыгып, өнөрүн таанытуу болду. Кароо сынакка Ак-Талаа районунун айыл аймактарынан 25 катышуучу келди.

Катышуучуларды сахнага маданият үйүнүн кызматкерлери коштоп чыгып, эне, сүйүү, ден соолук, Ата-Мекен жөнүндө ырларды ырдап, өз таланттарын көрсөтүштү.
Көрүүчүлөр кызуу кабыл алышып, колдоп отурушту.



Бул сынактын жыйынтыгында 1-орунду Максатбек Сааданбаев Кызыл-Булак айыл аймагынан келип камсыз кылса, 2-орунду А. Мураталиева Баетов айылынан, ал эми 3-орунду Кара-Бүргөн айылынан келген Камчыбек уулу Жанат камсыз кылды.
Кароо сынактын аягында бардык катышуучуларга белектер берилди.
Даярдаган: Тажиева Аима
Тренер: Касымалиева А
Сынак үчүн