Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы «Ооган-талаа» тобу майыптар күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам баштыгын таратты.
«Ооган-Талаа» тобу жаңгак кыямын, кургатылган мөмө жемиштерди, печенье сыяктуу азыктардан турган баштыктарды даярдап, майып балдарга жардам катары белекке берди.
«Ооган-Талаа» тобунун өкүлү Нурадил Субанов:

— Жакырчылыкты жоюу праграммасынын негизинде топ уюшканбыз. Токой мөмө жемиштерин иштетүү боюнча өзүбүздүн бир ой-максат, пландарыбыз бар. Учурда мөмө жемиштерди кургатып келе жатабыз. Дагы кудай буйруса ушундай иш-чараларды уюштуруп турабыз.

Ооган-Талаа айылында онго жакын майып балдар бар.

Айылдын тургуну Султанбек Зарипов «Менин кызым 7-класстан бери ооруйт. Бизге эч кандай жардам көрсөтүлө элек. Болгон жардам ушул топтон болду» деди.
Автору: Тариел Өмүрзаков
Редактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн