Нарын районуна караштуу Учкун айылында таштанды төгүүчү жерлердин аздыгынан жергиликтүү тургундар таштандыларын тыюу салынган жерлерге төгүп келет. Жергиликтүү бийлик тыюу салынган жерлерге таштанды төккөндөргө 500 сомдук айып пул салганы менен, ал нерсе деле таштанды маселесин чече алган жок.
Таштандыларды төгүүгө жергиликтүү бийлик атайын жер бөлүп берген. Бирок айыл чоң болгондуктан кээ бир тургундар шартына жараша алыс жакка бара албай, тыюу салынган жерлерге деле таштанды төгүп келишүүдө.
Учкун айыл башчысы Касымакун Мамырбаевге бул маселе боюнча кайрылып, төмөнкүчө жооп алдык.

— Мен бир жылдык тыныгуудан соң жаңы жумушка чыгып олтурам. Мурун негизи таштандыны тазалоо үчүн акча каражат бөлүнчү. Жаңы жумушка чыгып жатканыма байланыштуу азыр эч нерсе дей албаймын. Бирок учкундуктарга таштанды төккөнгө жер бергенбиз. Менин билишимче таштандыларды ал жакка төгүшпөйт экен. Таштандыларын биз бөлүп берген жерге деле төгүшсө жакшы болоор эле.
Ал эми айыл тургуну Асыранкул Мамбетовдун айттымында, былтыр жаз айында төгүлгөн таштандыларды айыл башчысы тазалаткан.
“Быйыл жазында айыл башчылык таштандыларды түрттүрүп тазалатып жаткан. Негизи айылдык тургундар таштандыларын тыюу салынган жерлерге деле төгүүдө. Эмне кылышмак эле анан. Таштанды төккөн жер кээ бир тургундарга аябай эле алыс. Айла жок төгүп жатышат да”, — дейт ал.

Асыранкул байкеге таштанды кайсыл жакка төгөсүз деп суроо бергенибизде ал дагы элге окшоп эле тыюу салынган жерге төгөөрүн айтты.
Бир ай мурун каналдын жээги таштандылардан тазаланды. Мурун каналдын жээгине тургундар таштанды төгүп келсе, азыр ал жакка төккөн тургун 5000 сомдук айыпка тартылат. Айыл тургуну Кубаныч Жанталиевдин айтымында, ушундай тазалоо жолдору менен гана маселени чечсе болот.

“Качкынбай аталар каналдын жээгин өздөрү каржылап тазалаптыр. Көрүп алып абдан кубандым. Ал жакка таштанды төккөндөргө беш миң сом айып тагылат экен. Азыр эч ким төкпөй калыптыр. Эл деле андай тазалап койгон жерге төккөндөн уялса керек. Ошондуктан биринчи тазалап анан төкпө деп айталы. Айыл өкмөттү карап отура бербей Качкынбай аталардай болуп биз деле тазаласак жакшы болмок. Ошондо бул маселени кичине болсо дагы чечмекбиз”, — дейт Жанталиев.
Азыр айылдыктар тыюу салынган беш-алты жерге таштанды төгүүдө. Бул маселени кантип чечээри жөнүндө Учкун айылынын башчысы бизге азырынча толук маалымат бере элек.
Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн