Кызыл-Кыя шаарында майыптар күнүнө карата иш чара уюштурулду. Анда шаардын мэри Эрмекбай Топчубаев катышып, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге акчалай жардам көрсөттү.
Шаар мэри Эрмекбай Топчубаев Кызыл-Кыянын бюджетинен 100 миң сом бөлүнгөнүн билдирди.
“Шаардык бюджеттен мүмкүнчүлүгү чектелгендерге администрация тарабынан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнгөн. Алардын көңүлүн көтөрүү максатында чакан концерттик программа уюштурганбыз”, — деди Топчубаев иш-чарада.


Топчубаев 2017-жылга карата мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу пландары бар экендигин кошумчалады.
Бүгүнкү күнү жалпы шаар боюнча 627 ар кандай абалдагы мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар. Жылына атайын майыптардын эс алуусу үчүн жолдомолор берилип турат.

Иш чара ырлар жана бийлер менен коштолду.

Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор
Сүрөттүн автору: Алижан уулу Дөөлөтбек
Сынак үчүн
КМ