Быйыл Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылына 60 сантиметр кар жаады. Кардын калың жагандыгына байланыштуу үйлөрдүн жана сарайлардын чатырлары карды көтөрө албай кулап калгандары болду.
Кардын оор түшкөнүнүн себебинен Кара-Суу айылынын тургуну Рихард Дүйшөналиевдин үйүнүн чатырлары жана сарайлары карды көтөрө албай кулап калган. Айтымында, үй-бүлөсүндө кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Айылдын дагы бир тургуну Каныбек Молдораимов быйыл кыш эрте келгенин айтат.

«Мындан улам эл кыйналып жатат. Кар 60 сантиметр жаап салды. Сарайлардын чатырлары карды көтөрө албай кулайын деп турат. Ичине кирейин десең кулап кетеби деп коркосуң», — деп тынчсызданат Молдораимов.


Кар эрте жана калың жаап, Кара-Суунун тургундарынын сарайларынын ичиндеги арпа, буудай жана беде уруктары калың кардын астында калган.
Даярдаган: Сезим Дүйшекеева
Тренер: Гүльзада Бейшенбекова
Сынак үчүн