Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында ишмердүүлүк жүргүзгөн «Үч-Коргон» жамааттык мультимедиа борборунун 2015-жылы жазган долбоору ийгиликтүү өтүп, маалымат бюллетендери чыгарыла баштады.
«Үч-Коргон» жамааттык мультимедиа борборунун (ЖМБ) координатору Атабек Арипов:
— Бул долбоор биз үчүн абдан маанилүү болуп, айыл тургундарын маалымат менен камсыз кылууга жакшы шарт түзөөрүнө ишенгенбиз. Ушул долбоор менен кошумча жабдуулар: фотоаппарат, түстүү принтер жана башкаларды сатып алдык. Бул жабдыктар биздин ишибизди алдыга жылдырууда абдан жакшы жардам берди. Бүгүнкү күнү айыл тургундары биздин жаңылыктарды интернет аркылуу гана эмес, колдорундагы маалымат баракчаларынан да окууга шарт түзүлдү.
Маалымат бюллетенинде Үч-Коргон айыл аймагындагы жана Кызыл-Кыя шаарындагы болуп жаткан жаңылыктар жазылып турат.
Айыл тургундарынын айтымында, улуу муундагы аталар жана апалардын көпчүлүгү интернетти толук пайдаланууну өздөштүрбөгөндүктөн, бул маалымат баракчалары кабар алып туруу үчүн ыңгайлуу болуп калган.
Даярдаган: Абдырахманова Гулбахар
сүрөттүн автору: Абдулкалил уулу Эмил
Сынак үчүн
КМ