Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндөгү Манас атындагы орто мектебинде жаралган жылуулук көйгөйү чечилди. Учурда мектептин жылыткыч от казаны иштеп, класстар жылуу болуп калды..
Көйгөй тууралуу чарбалык иштер боюнча директордун орун басары Дастан Айтпаевди маекке тарттык. Ал сөзүндө мектепти жылытуу иши олуттуу маселердин бири болгонун айтты.

“Бул мектептин от казаны 21-ноябрдан тарта иштей баштады. От казандын толук оңдолушу 75 миң сом акчаны түздү. Ага кеткен каражатты бизге айыл өкмөт өзүнүн жанынан бөлүп берди, учурда от казан жакшы иштеп жатат”, — деп билдирди Айтпаев.

Кыргыз тили жана адабият мугалими Кайрыниса Сулайманова “Башында мектеп анчалык деле жылуу болгон жок, себеби мектепти жылытуу иштери кеч башталган болчу” деген оюн айтты.
Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн