Токтогул шаарында жол эрежесин бузгандар азайып, айдоочуларга шаар ичинде жүрүүгө бир топ жеңилдиктер жаралды. Токтогул шаарынын негизги көчөлөрүнө жол чырактар коюлуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн да, айдоочулар үчүн да ыңгайлуу шарт түзүлгөндүгү байкалып турат.

Жол чырактарды орнотууда каражат кайдан жумшалды, бул турасында шаар мриясынын жетектөөчү адиси Асыл Керезбекова бизге төмөндөгүлөрдү айтып берди:

“Жол коопсуздугун камсыздоо максатында Бөкөнбаев, Кенжетаев, Шарипов, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырактар орнотулду, 4 комплект. Буга жергиликтүү бюджеттен акча которулуп, 2 млн сомдук каражат сарпталды”. Шаарыбызда жол чырактар коюлганга чейин кандай кыйынчлыктар жана коюлгандан кийин кандай жеңилдиктер болгонун жергиликтүү такси айдоочу Жуман Карабеков айтып берди:

“Светофор коюлганга чейин жаш балдарга дагы жолдо жүрүүдө аябай кыйынчылыктар болду, ал ми коюлгандан кийин жол режелери сакталып, бизге бир топ жеңилдиктер пайда болду.”
Даярдаган Нургиза Алмазбек кызы