Талас облусуна караштуу Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинде 27-декабрь күнү башталгыч класстын окуучулары үчүн жаңы жылдык майрам болуп өттү.
Башталгыч классынын мугалими Айнура Көчөрованын айтымында, жаңы жылдык кечеге он күн даярданышкан.

«Менин окуткан классым жаңы жылга он күндөн бери даярданып, келе жаткан 2017-жылды тосушту. Жаңы жылга абдан жакшы даярданышты, бир эле менин окуткан классым эмес, баардык класстар жакшы даярданды десек болот», — деди ал.

Жаш окуучулардын жаңы жылдык кечесине мектеп мугалимдери жана окуучулардын ата-энелери күбө болушкан.
«Жылда эле жаңы жыл майрамы өтүп жатат, окуучулар үчүн биз баарына даярбыз. Жарык өчүп калса да өткөрөбүз», — деп кошумчалады Көчөрова.

Жаңы жылдык балатыда аяз ата менен аяз кыз келип, майрамга көрк кошту. Көчөрованын айтымында, ар бир класстын жетекчилери өздөрүнө аяз ата жана аяз кыз буйрутма кылып, алардын кызматы үчүн акча төлөп беришкен.
Ал эми белектерди болсо класс жетекчилер жана ата-энелер менен биргеликте акча топтоп алышкан. Белектерди буйрутма менен келген аяз ата менен аяз кыз жаңы жылдык майрамда окуучуларга таратты.

Баласынын балаты майрамын көргөнү келген Бакай-Ата айылынын тургуну Жасаганберди Осмонбеков келаткан жаңы жыл менен куттуктап, төмөнкүлөрдү айтты.
«Баламдын таланты бар экенин буга чейин билген эмесмин. Жаңы жылдык кечеде баламдын жакшы ырдашын билдим. Мектептин мугалимдерине абдан ыраазы болдук, алар биздин көңүлүбүздү көтөрдү, аларга ийгилик каалаймын», — деди Осмонбеков.
Жогорку класстардын балаты майрамы 29-декабрда өтөт.
Даярдаган: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
Үсөн С.