Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы Манас орто мектебинин 9-классынын окуучулары лоторея оюунун уюштурду. Лотореяда смартфон, коёндор жана башка жаңы жылдык белектер ойнотулду.
Бул тууралуу уюуштуруучулардын бири Азим Абдилазиз уулу билдирди. Айтымында, лоторея кызыктуу өткөн.

“Биз бул лотореяны уюштурушубуздун себеби окуучуларга кичине болсо дагы жаңы жылдык маанай тартуулоо. Жалпысынынан 300 билет жасаганбыз. Алардын баарысы сатылды. Лотореяда бир смартфон, эки коён жана жаңы жылдык белектерди, тортторду, кызыктуу белектерди ойноттук”, — деп айтты Азим.

Санжар Данияр уулу Samsung Galaxy j1 үлгүсүндөгү смартфонду утуп алды.

“Бул смартфонду утуп алганым мен үчүн эсте калаарлык күн болду. Мен эки билетти 40 сомго сатып алган элем, ошонун бирөөсүнөн ушул смартфонду утуп алдым”, — деди Санжар.
Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн