Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндөгү Манас орто мектебинде 3-класстан 9-класска чейинки окуучуларга жардыргыч заттарды колдонбоону эскертүү максатында жыйын өткөрүлдү. Жыйында мектептин директору жана соцпедагогу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Мектептин директору Тажимурат Марипов окуучуларга “Жаңы жылдык жардыргыч заттарды колдонбогула. Туура эмес колдонуп алсаңар ден-соолугуңарга зыян келтирип алышыңар мүмкүн!” — деп билдирди жыйында.

Бул түшүндүрүү иштерин директор жыл сайын өткөрүп турат.

“Эскертүү ишерин окуучуларга жеткирүү үчүн райондон жыл сайын адистер келип, мындай семинарларды өткөрүп турат. Себеби окуучулардын ден-соолугуна зыян келип калса мугалимдер жооп берип калышы мүмкүн”, — деп кошумчалады мектеп директору.
Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн