Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас орто мектебинин жогорку класстагы окуучуларынын жаңы жылдык кечеси 28-декабрь күнү болуп өттү.
Бул кече Сумбула айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө 150 окуучунун катышуусунда өттү. Кече тууралуу Манас орто мектебинин президенти Данияр Эсиркеев Данияр буларды айтты:

«Бул жаңы жылдын мурдагы жаңы жылдардан өзгөчөлүгү — окуучулар абдан активдүү катышты. Манас орто мектебинин окуучуларын жана мугалимдерин, жалпы эле кыргыз элимди кирип келген «Тоок» жылы менен куттуктайм», — деди Данияр.
Кечени Манас атындагы орто мектебинин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Асия Сулайманова ачты. Андан сырткары лоторея ойнотулуп, кызыктыруучу белектер коюлду.
Бул жаңы жылдык кече эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүктө класстар өз алдынча даярдап келген ыр же бийин окуучуларга тартуулашты. Экинчи бөлүгү дискотека менен коштолду.

Кече саат 10:00дө башталышы керек болгон, бирок эки саат кечигип башталып, саат 16:30да жыйынтыкталды.
Даярдаган: Азим Абдилазиз уулу
Редактору: Нурсеит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн