Нарын районуна караштуу Учкун айылынын 18 жаштагы тургуну Чынгызбек Исмайилов айыл тургундарына чакан муз тебүүчү аянтчанын сезонун ачты.
Муз тебүүчү аянтча ачылганына быйыл эки жыл болду. Айыл тургундары келип, эс алып көңүл ачып кетишет. Бул туурасында Чынгызбек Исмайилов менен маек курдук.
Саламатсызбы! Сиз муз тебүү сезону кандай ачылды?
— Мен быйыл буюрса экинчи жолу ачып жатам. Быйыл жыл жаңырды, былтыркыдан жакшыраак киреше түшсө экен деп жатабыз.
Аянтчаны кандай максатта ачтыңыз?
— Негизи аянтчаны ачканымдын деле максаты жок. Ушу айылдагы тургундар чет жактарга барып отурбай, биздин айылдан эле тепсин, убара болбошу үчүн ачтык.
Негизи бул идея кимге таандык?
— Биз мындан эки жыл мурун Куланак айылына барып тепчүбүз. Анан биз дагы өзүбүздүн айылыбызга да ачсак болчудай экен деп ачып калдык.
Күнүнө канча эс алуучу келип тебет?
— Күнүнө ашып кетсе 15-20дай эле адам келип тебип кетишет. Негизи азыр жаңы ачтык, ачканыбызга үч күн болуп калды, ошондуктан эл аз келүүдө.
Бир адам муз тебиш үчүн канча сом төлөшү керек?
— Чоң адамдарга кымбат, кичинекейлерге арзаныраак. Ошондуктан кичинекей окуучуларга бир саатка 30 сомдон, ал эми чоңдорго 50 сом. Жарым саатына 25 сомдон.
Былтыр сиз канча коньки алдыңыз эле, ал эми быйыл канча коньки алдыңыз?
— Былтыр жети коньки алганбыз. Быйыл эл көп келет деген максатта беш жаңы коньки алып келдик, бизде азыр 12 коньки бар.
Бир коньки канча сомдон турат, сизге кыйынчылык жаратпайбы?
— Бир коньки 1700 сомдон турат. Кыйынчылык деле жаралбайт. Себеби түшкөн акча конькини алган акчаны актайт.
Саат канчага чейин иштетесиз?
— Мен эртең мененки саат 9дан баштап кечки саат 12ге чейин иштетип турам.
Кар жааган учурда муз аятчаны кантип тазалайсыз?
— Андай учурда муздун үстүн кар күрөгүч менен тазалап чыгам.
Бул муз тебүүчү аятчаны ачкандан кийин зыян жактары да болсо керек…
— Жок. Биз бардык жагын тосмолор менен тосуп койгонбуз. Ошондуктан эч кандай коркунуч деле жок. Жазында кар ээригенде суу деле каптабайт.
Даярдаган: Калыс Торогелди уулу
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак үчүн