Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагындагы Тешик-Таш айылынын тургуну Абдумавлян Алимбеков 20 жылдан бери устачылык менен алектенет. Элдин каалоосуна жараша үйлөрдү оңдоп түзөп, үй салып берет.
Абдумавлян Алимбеков устачылык өнөрүн атасынан үйрөнгөн. Учурда ал 43 жашта.

“Элдин үйүн салам жана үйлөрдү оңдоп түзөймүн. Устачылык кылууну мен атамдан үйрөнгөм. Тапкан кирешем үй-бүлөмө жетет. Андан тышкары аялым да чеберчилик менен алектенет”, — деди Алимбеквов.
Уста кесиби менен жайын-кышын дебей алектенет.

“Кышында жумуш азыраак болот. Устачылыкка арналган аспаптарды өзүмдүн акчама сатып алгам. Үй салганда бир топ болуп иштейбиз. Каражат жагына келсек, алдын ала келишип алабыз”, — деп айтты Алимбеков.
Даярдаган: Пусурманкул Абдумавлян уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн