Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын көптөн бери чечилбей келе жаткан көчө жарык маселеси мындан бир апта мурун 17-декабрда толугу менен оңдолду. Бул тууралуу Могол айыл өкмөт башчысы Эркинбек Турдукулов менен маек курдук.
Саламатсызбы! Көчө жарык оңдолуптур…
— Саламатчылык! Мындан үч жыл мурун көчөнү жарыктандыруучу линия тартып койгон элек. Ток аз болуп, лампалар күйүп калган эле. Жакында лампаларды, патрондорду алмаштырдык. Азыр кудай буйруса көчө толугу менен жарык болду.


Канча каражат кетти?
— Бул иш-чараларга 15500 каражат сарпталды. Өзүбүздүн өкмөт тарабынан каржыланды.


Алдыда дагы кандай ой-максаттар бар?
— Тынбай жааган жаандын кесепетинен айылдарды сел басып калган. Ушул азыр Үч-Кол участогуна лоток куйдуруп жатабыз. Кудай буйруса жазда май, июнь айларына чейин бүтөбүз деген ой-максаттар бар.
Маектешкен: Мафтуна Аскарбекова
Редактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн