Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинде 26-декабрдан тарта жаңы жылдык балаты кечеси өтө баштады. Балаты майрамы 29-декабрда 11-класстардын кечесинен соң жыйынтыкталмакчы.
Балаты майрамына 1-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары катышат. 26-декабрь күнү Токсобаев мектебинин эски корпусунда 1-4-классстардын балаты майрамы болуп өттү.
Ал эми 5-11-класстардын балаты майрамы 27-декабрдан 29-декабрга чейин Исмаилов Жумадил атындагы спорт залында болмокчу.
Быйылкы балаты майрамын коюуга бүтүрүүчүлөрдөн башка класстарга жыйырма мүнөт убакыт берилген. Бүтүрүүчү 11-класстарга андай чектөө коюлган эмес. Себеби тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Элзат Токтоналиева бүтүрүүчүлөрдүн мектептеги акыркы кечесине убакытты чектей албасын айтат.
“Негизи бардык класстарга 20 мүнөт убакыт бергенбиз. Бирок 11-класстарга андай чектөөлөр болгон жок. Себеби бүтүрүүчүлөрдүн бул балаты майрамы, мектептеги акыркы өткөргөн жаңы жылдык майрамдардын бири. Ошондуктан аларга чектөөлөр болбойт”, — деп билдирди Токтоналиева.
Кээде музыкалык колонка бийлеп же ырдап жатканда өчүп калып, балаты майрамында техникалык көйгөйлөр жаралууда.
Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн