Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинин 1-класстан 4-класска чейинки мектеп окуучулары «Жаңы жылдык майрамды» өткөрүштү. Ага окуучулардын ата-энелери, мугалимдер жана жогорку класстын окуучулары күбө болушту.
Бул майрам Учкун айылынын өйдөңкү мектебинде болуп өттү.
Ар бир класс келаткан тоок жылына карата костюмдарды кийип чыгышты.
Жылдагыдан айырмаланып ата-энелердин саны аз болду. Майрамды көрүп, баа берип отурган мектеп директорунун орун басары Элизат Токталиева болду.
«Негизи быйыл «Жаңы жылдык майрамды» эртерээк кылууну чечтик. Башталгыч класстын окуучулары коюп бүтүшсө, эртең 28инде 5-10-класстар коюшат. Негизи быйыл көбүнчө окуучулардын көңүлү жок болуп, жаңы жылга жакшы деле даярданган жок. Кызыгып келгендер деле жок болду», — деп билдирди Токталиева.
Майрамда балдар бакчасынын тарбиячылары жомок коюп беришти.
Ар бири ар кандай жаныбарлардын костюмдарын кийип, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
4-классынын окуучусу Сактан Чортонов буларды айтты:
«Мен бул «Жаңы жылдык» кечеде ак шоола балдар үлгүлүү ансамблиндеги чыр баланын ролун аткардым. Бирок мен бул майрамга анча деле катшыкым келген эмес болчу. Бирок ата-энелерим болбой койгонуна байланыштуу катыштым», — дейт Сактан.
Мындан сырткары мектептин парламентти өзүлөру уюшулуп, ар түрдүү жан жаныбарлардын костюмдарын кийип, жылдагыдан өзгөчөрөк кылып өткөргөнгө аракет кылышты.
Мындан тышкары мектеп парламенти лоторея уюштурушуп, бир билетти 15 сомдон сатышты. 28-декабрда лоторея ойнотулмакчы.
Даярдаган: Калыс Төрөгелди уулу
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак үчүн