Нарын облусунун Ак-Талаа районунда быйыл биринчи ирет айымдар үчүн “Апалардан ак бата” аттуу жаңы жылдык “Көгүлтүр от” болду.
Бул иш чарага Коммунисттик партиянын убагында райондун аймагындагы чарбаларда малчы, саанчы, мугалим болуп иштеген жана учурда ардактуу эс алууда жүргөн ардагерлер, ар кыл тармактын өкүлдөрү, жетекчи айымдар катышты.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, иш чараны демилгелеген Ж.Мамбетова катышуучуларды жаңы жылы менен куттуктады.
“Быйыл ушул кечени өткөрөлү деп уюштурдук. Ар бир айылды камтыганга аракет кылдык. Бардыгыңыздар убагында өлкөнүн өнүгүшү үчүн салым кошконсуздар. Араңыздарда азыр да эмгектенип жаткандар бар. Азыр мына канчадан бери көрүшө элек курдаштар жолугушуп, чер жазып жатасыздар”, — деди Мамбетова.
Аталган кечеде уюштуруучулар тарабынан кызыктуу оюндар уюштурулуп, апалар жигердүү катышып, белектерге ээ болуп жатышты.
Кечени райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринин ыр-күүлөрү менен коштоду.
Даярдаган: Кубанычбекова Э. Жылдызбек кызы А.
Редактору: Тажиева Э.
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!