Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №1 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда эмгектенген тиш доктур Айзада Коңурбаева эл кызматында. Ага Куланактан тышкары Учкун жана Жылан Арык айылдарынын тургундары дарылануу үчүн келишет.

Бир жыл мурда тиш дарылоо үчүн Нарын райондук ооруканасынан айылга бормашинасы алынып келинген. Ага чейин бормашина жок болгондуктан өз каражатына сатып алып иштеп келген. Учурда Айзада Коңурбаева ооз көңдөйүн дарылоо, тишке пломба жана тиш жулуу кызматтарын көрсөтөт. Айтымында, кыш айларында адамдар көп кайрылышат.
— Анткени суук учурда тиш көп ооруйт экен. Көбүнчө мектеп курагындагы балдар кайрылат. Анан дагы Куланак айылынын суусунда фтор жок дейт. Бул тиш үчүн өтө зыян. Ушул дагы чынбы деп калам. Себеби Куланак айыл тургундары менен башка айылдан кайрылган бейтаптардын диагностикасында айырмачылыктар бар.
Дарыгердин кызмат көрсөтүү акысы
Атайын Нарын райондук ооруканасынан прейскурант берилген. Ошонун негизинде кызмат көрсөтүлөт. Алар ачык илинип турат.
Дарыгердин кеңеши
Тиштерди таза сакташ үчүн ар дайым эки маал тазалап туруу керек. Эртең менен жана кечинде. Тамактангандан кийин ар дайым жылуу суу менен чайкоо керек, антпесе ооз көңдөйүндө тамак-аш калдыктары калып, тишти эрте бузулууга алып келет.
Автор: Айзат Түмөнбаева
Мыкты сүрөт сынагы үчүн