Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын “Ботокөз булак” балабакчасы үч жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жатат. Бакча көп ийгиликтерге жетип жатканын айтат билим уясынын жетекчиси.
Айша Бекматова “Ботокөз булак” бала бакчасы ачылгандан бери мүдүр болуп эмгектенип келет. Бакча Кара-Суу орто мектебинин бир капталында жайгашкан.
Бекматованын айтымында, бакчада алты кызматкер эмгектенет.
“Ботокөз булак бала бакчасы 2014-жылдын январь айынан тартып иштеп келе жатат. Биздин балабакчада бир тайпа бар 24 орундуу», — деди ал.
Ал бакчанын жетишкендиктери тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
— Биринчиден, орчундуу көйгөйүбүз болуп ички даараткана болуп эсептелинип келген. Ички даараткана бар болчу, бирок оңдоп-түзөөдөн өтпөй иштебей турган. 2015-жылы АРИС тарабынан оңдоп-түзөөдөн өтүп иштей баштаган. Бул биздин биринчи жетишкендигибиз болуп эсептелинет.
— Экинчиден сырткы аянтчада суу жок болгондуктан, суу тартып келип суу чыгардык. Сыркы аянтча ачык болчу, айылдыктар менен биргеликте сырткы аянтчаны тосуп алдык.
Андан тышкары бакчанын кызматкерлери ар кандай семинарларга катышып келишет.
«2016-2017 окуу жылында “Эң мыкты бала бакча” деген ардак грамотасы менен сыйландык», — деп айтып өттү ал.
Даярдаган: Элзат Джумабаев
Редактор: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн