Лейлек районуна караштуу Искра айылынын тургуну Махабат Самандарова 15 жылдан бери чеберчилик менен алектенет. Ал элден түшкөн тапшырыктар аркылуу иштеп акча таап, үй-бүлөсүн багып келет.
Уз-чебер Махабат Самандарова үйүнүн бир бөлмөсүнө чакан цех ачып алып, элге кызмат көрсөтүп келет.

«Элден түшкөн тапшырыктар аркылуу балдарга, кыздарга чапан тигем. Бир чапанды 2 000 сомго тигем. Андан тышкары кыздарга сеп тигем», — деди Самандарова.

Керектүү буюмдарды ал Бишкектен алдырат. Учурда чапанга талап көп болуп жатканын айтат.
«Тигүүчү машинемди 13 000 сомго сатып алгам. Кийим-кечекке керектелүүчү материалдарды Бишкекте туугандарымдан ай сайын алдырып турам», — деп кошумчалады Самандарова.
Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн