Ак-Талаа тарых музейинде райондун аймагында жашаган жаныбарлар, өсүмдүктөр, тарыхый жерлер жана кыргыз эли колдонгон байыркы буюмдардан турган экспонаттар бар. Жаңы жылда музей жаңы 70тей экспонат менен толукталган.
Учурда музейде жалпы 1069 баалуу сүрөттөр жана 448 баалуу документтер сакталып турат. Алар: 42 боёк менен тартылган, 89 графикалык сүрөттөр, 10 скульптура, 164 колдонмо искусство буюмдары, 23 археологиялык, 301 этнографиялык буюмдар.

Өткөн жылы музейде жалпы 2784 экспонат болсо, быйыл дагы жаңыланып, 69 экспонат музейге коюлган. Экспонаттар эл арасынан чогултулулуп алынган.
Айрымдары өздөрү алып келип беришсе, айрым учурда атайын кайрылуу менен алынып, музейге коюлган. Жаңы экспонаттардын арасында сүрөттөр, документтер жана башка ар кандай буюмдар бар.
Музейдин директору Мыктыбек Апиловдун айтымында, музейдин экспонаттарын таанытуу максатында көргөзмөлөр уюштурулуп турат.

«Жыл бою көргөзмөлөрдү, ар кандай жолугушууларды, кечелерди жана илимий конференцияларды уюштуруп өткөрүп турабыз. Төрт ирет көчмө музей уюштурулган», — деп билдирди музейдин директору.
Даярдаган: Илимбек кызы Зулайка
Редактору: Айылчиева Адина
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!