Нарын районуна караштуу Куланак айылында колунан көөрү төгүлгөн апалар көп. Алардын бири Асылкүл апа, үйүндө жөн гана олтурбастан түймө түйүүнү эрмек кылат.
Асылкүл Өмүралиева Куланак айылында төрөлүп өскөн. Билимди да ушул айылдан алган. Ал үч уул, бир кыздын апасы, он неберенин мээримдүү чоң энеси.

Учурда ал пенсияда, жөн отурбастан түймө түйүү менен алектенип жатканын айтат. Түйүүнү апасынан үйрөнгөн.

Кыздардын баш кийиминен башка дагы кандай нерселерди түйөсүз?
— Башмактарды, жемпирлерди, баш кийимдерди, кыздар үчүн сепке жаздыкчаларды, керебетке жабууларды жана шарфтарды түйүү менен убактымды өткөрөм.
Түймөңүздүн жиптери дагы кооз экен, сиз бул жиптерди кайдан аласыз?

— Түймөнүн жиптерин базардан эле килдеп сатып алам. Бир кили 150 сомдон турат.
Сиз бул түймөлөрдү буйрутма аркылуу түйөсүзбү? Көбүнчө эмнелерге буйрутма беришет?
— Кээде заказ алып дагы түйөм. Көбүнчө жемпирлерге, баш кийимдерге жана кыздардын себине буйрутмалар түшөт.

Заказ берген адамдар түймөгө керектүү жиптерди өздөрү алып келип беришеби же өзүңүз каржылайсызбы?

— Эгер заказ бергендер жиптерин кошо беришсе, анда жиптин баасы кыскартылат.
Түйгөн кийимдердин жана кыздардын себинин баасы канчадан болот?
— Жемпирлерди 500 сомго чейин же андан жогору баада түйөм, ал эми топуларды 150-200дөн түйөм, кыздардын себи болсо ар кандай баада болот.
Маектешкен: Нуриза Асаналиева
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн