АРИСтин долбоору аркылуу Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылына жакында жаңы техника келет. Техниканын жардамы менен жайыттарга жол салса да болоорун айтты айыл өкмөт башчысы.
Жалпы наркы 2 млн 640 миң сомдук техника айылга 45 күндүн ичинде алып келинет. Анын ичинен 900 миң сомун өздүк салым катары чогултулат. Учурда бул сумманын 450 миң сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн.

Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Турусбеков буларды айтты.
— Мындай техникага жашоочулар муктаж. Ошо муктаж үчүн алып келели деп жатабыз. Эми өздүк салымдын калган суммасын кийинки бюджеттен бөлөбүзбү же жайыт салыктарынан караштырабызбы чечебиз. Жаңы келүүчү техника кран катары да иштейт. Мындан сырткары жайыттарга жолдорду салганга жана карьерлерде топурак, шагыл, кум жүктөгөнгө ылайыктуу. Айыл элине менчик техникаларга караганда арзан тейлеп, кызмат көрсөтөт.
Бул боюнча тендерди Бишкектен “Нвот” аттуу фирма утуп алып, техниканы сатып алуу жана жерине жеткирип берүү милдетин алган. Аталган техника райондогу УОС жана ДЭУ мекемелеринде жок. Кубаттуулугу 3 кубдук.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!