Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы маданият үйүнүн отургучтары жаман абалда. Бул боюнча аталган мекеменин башчысы Байыш Осмоналиев менен маек курдук.
Осмоналиевдин айтымында, маданият үйү 50 жыл мурда курулган. Ал отургучтарга жаңы чехолдорду кийдирүү планы ишке ашпай келатканын айтат.
«Биз эми айылдык депутаттарга кирип, акча каражат суранабыз. Ошолор качан акча каражатын бергенде, ошондо биз отургучтарга жаңы чехолдорду кийдиребиз», — деп билдирди ал.
Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн