Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында алгачкы жолу кафе ачылды. Аны айыл тургуну Байыш Осмоналиев салган.
Ооган-Талаа айылынын тургуну жана маданият үйүнүн башчысы Байыш Осмоналиев кафени эмне үчүн ачканын төмөнкүчө айтып берди.
— Бул ресторанды куруу иштери былтыр башталган. Бул ресторанды курганымдын себеби, маданият үйүнө келген концерт жана ошого окшогон иш-чаралар келгенде бир ай репетиция кылышат экен. Ошондойлорго тамак-аш бериш керек, ошон үчүн бул ресторанды курдум.
Осмоналиевдин айтымында, кафени курууга 2 миллион сомдой акча каражаты кеткен. Каражаттын бир бөлүгүн өзү каржыласа, калганын туугандары жардам берген.
«Биринчи кабаты ресторан болсо, экинчи кабаты аксакалдар чайканасы болот. Келип маек куруп, шахмат ойноп кетишет. Бүгүнкү ресторандын ачылышына өзүбүздүн айылдан, Чкалов айылынан, Чарбак айылынан, Правда айылынан келишти», — деди ал.
Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн