Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын 103 пенсионери эми пенсияларын «Компаньон» банкынын сактык кассаларынан ала алышат.
Сактык кассасынын башчысы Абдуламид Алимовдун билдиришинче, Ооган-Талаа айылынын пенсионерлери пенсияларын банктан ала башташты. Мурда почтадан алган пенсияларын эми айыл тургундарын банктан ала алышат.

«Эч кандай акчадан алып калмай, газета-журналдарга акча кармоо жок. Эсебинде канча акча болсо, ошону гана алышат. Ал эми бизге пенсиясын которууну каалаган пенсионерлер үчүн көп деле документ талап кылынбайт. Болгону арызы, паспорт жана пенсиялык китепчесинин көчүрмөсү гана керек», — деп айтып өттү Алимов.
Айыл тургуну Асилбү Кыдыралиева пенсияны почтадан алганга караганда банктан алуу ыңгайлуу экенин айтат.

«Мен пенсиямы бул банкка өткөргөндөн бери ар айдын онунда алам. Кезек күтпөй, тез алып кетем», — деди Кадыралиева.
Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн