Окуучулар арасында «Мен кыргызстандыкмын» аттуу сынак Базар-Коргон районунда болуп өттү. Ооган-Талаадан барган окуучулар байгелүү орундар менен кайтып келишти.
Базар-Коргон районунун «Балдар жана өспүрүмдөр» уюмунун жетекчиси Зулум Жумалиевдин айтымында, сынак окуучулар арасында патриоттук сезимди ойготуу максатында уюштурулган.
Ыр-бий сынагына райондогу 67 мектептен катышышты.
Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев мектебинен Карыбекова Жайлоокан, Калдарова Алтынкыз, Кубанычбек кызы Мираида, Камчыбек кызы Айсулуу катышып, байгелүү орунду алып кайтышты.
Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Рерактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн