27- январда Суусамыр айылдык кеңешинин 2-отуруму болуп өттү. Отурумга бардык 21 депутат катышты. Күн тартибинде 3 маселе каралып, регламентти бекитүү, ар кандай маселелер жана Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болду.
Биринчи маселе боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жүрүм-туруму, сессияны калтырбай келүү, кечикпей келүү, кезек менен сүйлөө, отурум учурунда телефондор менен сүйлөшпөө деген эрежелер кабыл алынды. Андан тышкары себепсиз удаа 3 жолу сессияга келбеген депутат өз каалоосу менен депутаттык мандатын өткөрүп берсин деген пунктту кабыл алышты.
Ар кандай маселелер боюнча депутаттар өз ойлорун сунушташты:
Индусбеков Калыйнур кийик-эликтерди атылып жоголуп бара жаткандыгын баса белгилеп, ушул маселени чечүүнү сунуштады.
Ислан Карымшаков, мектептер бир сменге өткөндүгүнө байланыштуу, парталар жана отургучтар жетишпей жаткандыгын баса белгиледи.
Карабаев Манас,таза суу маселесин көтөрүп чыкты жана мектептпеги балдардын ысык тамагы боюнча койгой бар экендигин айтты, тактап айтканда идиш аяктардын тазалыгы, берилип жаткан булочкалардын эски берилип калгандыгы баса белгиленди.
Жыргалбай Бектуров, Тунук айылындагы эски мектептин имараты кимге таандык экендигин аныкташ керектигин жана ал имаратка бала бакча ачуу муктаждыгы бар экендигин белгиледи.
3- маселе боюнча Суусамыр айылынын өкмөт башчысын шайлоо болду. Шайлоого Жайыл райондук территориалык шайлоо комиссиясынан 12 киши келип катышты. Биринчиден, депутаттар мандаттарын ала электигине байланыштуу ,убактылуу күбөлүктөр тапшырылды жана шайлоого укук алышты.
Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталып, 26-январда Балтабаев Таалайбек талапкерлигин алып койгон. Ошентип, шайлоого 2 талапкер Абдиев Урмат жана Отунчиев Урмат катышты. Эки талапкер шайлоонун алдында өзүнүн программалары менен тааныштырышты.
Андан кийин бардык 21 талапкер кезек менен чыгып, өзү туура коргон талапкерине добуш берди. Натыйжада Абдиев Урмат 9 добуш, ал эми Отунчиев Урмат 12 добуш ала алды. Территориялык шайлоо комиссиясыынын төрайымы токтомду окуп, Отунчиев Урмат айыл өкмөт башчылыган шайланды деп жарыялады.
Суусамыр FM радиосу айрым депутаттарга өзүнүн пландары жана сессиянын жүрүшү боюнча микрофон узатты. Кожомкул айылынын депутаты Бакталбек Жумалиев кайсы маселелрди көтөрүп чыгып, чечүүгө белсенип жаткандыгын айтып берди.
Кызыл Ой айылынын депутаты Чынтемир Артыкбаев бүгүнкү сессия ачык айкын өттү деген ойдо.
“Бүгүнкү сессия ачык-айкын жана таза өттү, депутаттар ынтымактуу. Мындан ары дагы биргеликте көп иштерди жасайбыз деп ойлойм”.
Даярдаган: Айзада Калканбекова